20-декабрда АКШнын Орландо шаарында UFC (Мушкерлердин абсолюттук чемпиондугу) мелдеши өтөт. Анда 13 беттеш орун алат. Алардын катарында кыргыз жеринен чыккан атактуу мушкер Валентина Шевченко да бар. 8 бурчтукта анын атаандашы канадалык Сара Кауфман болмокчу.
Бүгүн, 19-декабрда мелдештин уюштуруучулары салмак өлчөө салтанатын уюштурушту. Анда Валентина Шевченконун салмагы 60,8 килограммды көрсөтсө, Сара Кауфмандын салмагы 61,7 килограммды түздү.