ТОП-Лигада ойногон "Алга" футболдук клубу жаңы машыктыруучу менен келишим түздү

Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лигада ойноп келген бишкектик "Алга" футболдук клубу жаңы машыктыруучу менен келишим түздү. Аталган клубдан кабарлашкандай, машыктыруучулук кызматты Александр Бельдинов аткара баштады.

Маалыматка ылайык, келишим 1 сезонго түзүлдү. Бельдинов профессионалдык карьерасын быйыл 2015-жылы жаракатка байланыштуу жыйынтыктаган. Андан кийин машыктыруучу катары курска барып, "А" категориясынын нормативин толтурган.

Кошумчалай кетсек, буга чейин клубда башкы машыктыруучулук кызматта Нурзат Кадыркулов эмгектенип келген. Кийинки сезондо ал жардамчы катары иштөөнү уланта бермекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан