Кыргыз мушкери, улуттук кураманын мүчөсү Рахманкул Аватов Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда коло медаль тагынды. Мушкер рингге 49 килограмм салмактык бөлүктө чыгып, чейрек финалда Беслан Ардановду утуп алды. Жарым финалда ал молдовиялык Даниил Платоновскиге утулуп, 3-орунду ээледи.
Бул баскычка кыргыз мушкерлеринен Азат Усеналиев (52 килограмм салмакта) менен Өмүрбек Малабеков (56 килограмм салмакта) да жетти. Азырынча алар чечүүчү беттештерин өткөрө элек.