Бүгүн, 20-декабрда АКШнын Орландо шаарында эрежесиз эр уруш боюнча "UFC on Fox" мелдеши болуп өттү. Мелдеште жалпысынан 13 беттеш болуп, алардын катарында кыргыз жеринен чыккан атактуу спортчу Валентина Шевченко да 8 бурчтукка чыкты. Ал канадалык Сара Кауфман менен беттешип, 3 раунддун жыйынтыгында упай айырмачылыгында жеңишке жетишти.
Алгачкы раунддан тарта Валентина болгон күчүн жумшап, биринчи болуп чабуулга чыгып жатты. Алгачкы раундда спортчу көп ийгиликке жете берген жок. Экинчи жана үчүнчү раундда Валентина Шевченко буту менен таамай соккуларды узатып, активдүүлүгүн көрсөттү. Жыйынтыгында калыстар жеңишти жердешибизге ыйгарышты.
Кошумчалай кетсек, мелдешти ири спорттук телеканалдар түз алып көрсөтүштү. Беттеш 61 килограмм салмак ченинде өттү. 19-декабрда орун алган салмак өлчөө салтанатында Валентина Шевченконун салмагы 60,8 килограммдык чекти көрсөтсө, Сара Кауфмандын салмагы 61,7 килограммды түзгөн.