"Бавария" футболдук клубу 2016-жылы машыктыруучу Хосеп Гвардиола менен коштошот, анын ордун Карло Анчелотти ээлейт

Германиянын "Бавария" футболдук клубу испаниялык машыктыруучусу Хосеп Гвардиола менен келишимди узарта алган жок. Ал 2016-жылы жайында башка клубга жумушка кетет. Анын ордуна италиялык адис Карло Анчелотти дайындалмакчы. Бул тууралуу аталган клуб расмий маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Анчелотти менен келишим 3 жылга түзүлөт.

Кошумчалай кетсек, Хосеп Гвардиола бул клубда 2013-жылдан тарта иштеп келет. Бул аралыкта ал 2 ирет Германия чемпиондугун, 1 ирет клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун жана УЕФАнын Суперкубогун утуп алган.

Карло Анчелотти 2 сезон мадриддик "Реалды" машыктырып, өткөн сезондун акырында кызматынан бошотулган. Азырынча башка клубдарда иштебейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tatu.
2015-12-21 11:41:52
жакшы кылыптыр Бундеслигада ага конкурент жок болчу.эми АПЛде озун сынасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан