Бүгүн, 21-декабрда саат 09:40 чамасында Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинен билдиришти.
Шаар тургуну Татьяна Гатыжская операция жолу менен эки кызды жана бир уулду жарыкка алып келди. Биринчи төрөлгөн ымыркайдын салмагы - 1960 грамм, бою - 46 сантиметр. Экинчи кыздын салмагы - 1925 грамм, бою - 44 сантиметр, уулунун салмагы 2280 грамм, бою 48 сантиметр болуп төрөлдү. Эненин жана балдардын абалы жакшы, азыркы тапта алар жандандыруу бөлүмүндө.