Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Ысык-Көл облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 14 жаштагы Жумадил Муңайтпасов табылды.
Жумадил Муңайтпасов Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №4-гимназия-мектебинин 8-классынын окуучусу. 14 жаштагы окуучу эмгегинде кыргыз жеринин кооздугун, туристтик мүмкүнчүлүгүн, өзүнүн жеке кыялын баяндап жазган. Сынакты Ысык-Көл облусу боюнча "Кабарлар" сайты жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.
Жеңүүчүгө учурда кош майрам, анткени 21-декабрь анын туулган күнү экени белгилүү болду.
Жеңүүчүнүн дил баянын сунуштайбыз:
"Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"
"Кыргызстан картада кичинекей болгону менен, келип көрсөң абдан кызыктуу, кооз жер. Элинин меймандостугу, ынтымактуулугу жана кичи пейилдиги башка элдердин мүнөзүнөн өзгөчөлөнүп турат. Кыргызымдын жети дубаны бар. Ар бир дубандын өзгөчө сонун жактары бар. Алар: Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй, Баткен, Жалал-Абад жана Талас.
"Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, толкуса толкунуна мен ортокмун" деп Алыкул Осмонов атабыз баса белгилегендей, Ысык-Көл касиеттүү бир акак мончокко окшоп мөлтүрөп жатат. Тегерек четин аска-зоолуу, ак мөңгүлүү, карагайлуу капчыгайлар курчап турат. Көптөгөн пансионаттар, эс алуучу жайлар, минералдык булактар бар. "Тоо-токойду жиреп өткөн Нарын дайра, жарык менен камсыздайт элди кайра" дегендей, Нарыным төрт түлүк малдын түрүнө, эт, сүт, айран, май, кымызга абдан бай келсе, Сары-Өзөн Чүйүбүз жашылча-жемиш менен элибизди камсыздап турат. Борбор калаабыз Бишкек да ушул жерде жайгашкан. Андан ары Төө-Ашууну ашсак эле Манас атабыздын кичи мекени Талас болот. Таластын эли да эмгекчил, меймандос келет. Айтылуу Сулайман-Тообуз жайгашкан түштүк борборубуз Ош шаарын, өрүкзарлуу,
Айгүл-Тоолуу Баткенди, Сары-Челек, жаңгактуу Арстанбабды кучагына алган Жалал-Абадды көрбөсөм да, кооздугун көкүрөгүм менен сезип турам. Төрт түлүк малыбыз, көк мелжиген тоолор, керемет жайлоолор, шаркырап аккан сууларыбыз, аскалары асман менен кучакташкан мөңгү баскан тоолорубуз, алардын коюнунда байырлап жүргөн аркар, кулжа, бугу, ак илбирс, аюу жана бүркүт, ителги сыяктуу куштар, карагайлуу чер токойлор - биздин жерибиздин түгөнгүс байлыгы.
Мен дил баянымдын ушул жерине чейин кыргыз жеримдин кооз жаратылышын сүрөттөп жатып, өзүм аралап жүргөндөй элестетип, "көп байлыгыбыз бар турбайбы..." деп кубануу менен жазып жатам. Карагайлар, токойлор жөнүндө жазууга келгенде, жакында эле сыналгыдан көргөзгөн Ысык-Көлдүн карагайлуу токойлорун кыйып, ташып, жок кылып жаткан өзүбүздүн эле аталарыбызды, агаларыбызды эстеп, зээним кейиди. Алар башка жактан, Орусия же Казакстандан келип уурдап жаткан жок да! Чыңгыз атабыз көрөгөчтүк менен көрө билген Орозкулдар дагы эле Нургазылардын тилегине балта чаап жатышпайбы! Табигый байлыктарыбызды бир кишидей бекем туруп коргоп алсак, кыргыз жерибиздин гүлдөп-өсүшүнө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Алсак, мен жашаган керемет Ысык-Көлүбүздө дүйнөнүн төрт бурчунан келип рахаттануу, суктануу менен эс алып кетип жаткан туристтерди көрүп, жерибиздин кереметтүүлүгүнө дагы бир жолу ынандым.
Мен жайкы каникулда Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү "Аврора" эс алуу жайында иштедим. Агам көлгө түшүүчү баллон-матрацтарды, катамарандарды, күндөн коргоочу чатырларды алып берип, көл жээгине тургузуп койду. Менин милдетим - аларды эс алуучуларга ижарага берүү. 1 саатка 100 сом. 28 баллонду берип, кайра акчасын алып чогултуу керек. Дагы 2 катамаран бар. Аны сууга киргизип, кайра жээкке чыгарып туруш керек. Ошентип, көл жээкке жипсиз байландым. Эч жакка басып кете албайсың . Апамдын жанынан чыгып көрбөгөн жаным араң эле чыдадым. Мен башында уялып жаткам, бирок ошол жерде жүргөн кенедей балдардын жүгөрү, балык, суусундук көтөрүп алып сатып жүргөндөрүн көргөндө намыстандым. Алар өздөрүнүн үй-бүлөсүнө, ата-энесине жардам берип, өздөрү үчүн акча таап, жан талашып иштеп жатышты.
Менден 3 жаш кичүү иним ыйлап жатып үйгө кетип калды. Мага болсо артка жол жок. Ошентип жумуш башталды. Эртең менен эрте туруп, тамактанып алып көлгө жөнөмөй. Бакка байлап кеткен баллондорду, катамарандарды сүйрөп көлгө алып чыгып коюп, эс алуучуларды күтмөй. Орусча көп сүйлөбөгөндүктөн, билсем деле башында орусча сүйлөй албай, көп акча кармабагандыктан, акчанын артканын кайрып бере албай, тез санай албай көпкө кыйналдым. Айрыкча чет өлкөлүктөр келгенде "же англисче, же кытайча жакшы окуп, билип албай" деп абдан өкүндүм. Бизди мектепте бекер окутса да, ошону пайдаланып, үйрөнүп албагындыгым үчүн уялдым.
Анан "местный" балдар келип тийише башташты, таяк жедим, бирок эч кимге айткан жокмун. Сезондун аягында алар менен дос болуп калдым. Жеңем күндө кечинде канча акча тапканымды эсептейт. Агам өзү дагы башка жээкте иштеди. Акчаны катпай, алдабай, ар кайсыга коротпой, "честный" иштөөнү талап кылды. Сезон бүтүп, кирешебизди санадык. Агамдар эмерек жасоочу ишкана ачышты. Мага 8000 сом тийди. Бул менин өмүрүмдө биринчи жолу акча кармап, өзүм иштеп тапкан акчаны кармаган күнүм болду. Мектепке даярданып, базарга барганда баарын өзүм сатып алдым. Апам үйдө жалгыз иштегендиктен, аябай сүйүндү. Буларды айтып жаткан себебим, ар бир адам өзү үчүн, үй-бүлөсү үчүн кандай иштесе, мамлекет үчүн да ошондой аракет кылса, бат эле экономикабыз бутуна турмак.
Бир күнү күн бүркөлүп, эс алуучулар чыкпай, жээкте иштегендердин маанайы түшүп калды. Ошондо эски катамаранымдын ичине отуруп алып ойлондум. Балыкчы шаарына эмне үчүн туристтер көп келбейт? 2015-жылы февраль айларында "Мосфильмден" кишилер келип, "Алтын балык" деген киного тартылууга бир топ балдарды тандап алышты. Анда 1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согуш учурунда орус жергесинен эвакуацияланып келген орус балдардын кыргыз айылындагы окуясы, алардын өз ата-энелерин күткөндүгү, кыргыз-орус балдарынын урушканы, кайра достошкондугу жөнүндө баяндалат. Тартуу иштери башталды. Москвадан келген башкы ролдогу бала эркелеп, чыр салып, бир күнү калп эле ооруп калып бизди аябай убара кылды.
Мен анын досунун ролундамын. Кыргыз балдар режиссёрдун айтканын айткандай кылып, бат эле илип алып аткарып жаттык. Фильмдин режиссёру Александр Галибин кетеринде: "Кино тартууга согуштан кийинки мезгилдегиге окшош жер издегенде, эмнегедир мага Балыкчыны сунуш кылышты. Биздин сценарийге абдан туура келген жер экен. Бозоруп, чаң учуп, шамал болуп турат. Кыргыз жерине биринчи жолу келишим. Бирок, балдар, азаматсыңар! Аябай тартиптүү, улууларды сыйлаган, элпек, жөнөкөйлүгүңөр жакты",- деди. Мен "согуштан кийинки жылдарга окшош шаар экен" дегенине чычалап: "Андай эмес, азыр кыш да, жайында келип көрсөңүз, Чолпон-Атага, Жети-Өгүзгө барсаңыз",- дедим. Ал: "Когда будут возможности, я объязательно приеду",- деп, чыгармачыл топ коштошуп кетти.
Ичимден ойлондум, эгерде Галибин жайында Балыкчыга келсе, эмнени көргөзөм? Эмнеге биздин кумдуу жээктер "Аврораныкындай" эмес? Шаардын көл жээктери кир, таштандылар толуп, жагымсыз жыттар болуп турат. Туристтерге көргөзүп, мактанчу жерибиз да жок. Шаарда музей бар, бирок иштегенин көргөн эмесмин. Шаардын чеке-белдеринде чоң-чоң имараттар жабык турганын көрөм. Ары-бери өткөндө бул эмне экенин сурасам, апам "бул нан заводу болчу, бул элеватор, а бул эт комбинаты, бул оргтехника заводу эле, а бул эски кинотеатр, киного билет алып кирчүбүз" деп айтып калат. Азырчы? Кафелер, дүкөндөр, 3-4 спорттук клубдар, эски базар, жаңы базар, анан чакан ишканалар иштейт экен.
Кыялымда Балыкчы шаарына кирип келе жаткан жерге Ысык-Көлдүн дарбазасын курсам дейм. Балыкчы шаары бекеринен тогуз жолдун тоому деп аталып калбаса керек. Балыкчынын ичиндеги жолдор оңолду, эми Балыкчы-Каракол, Күнгөй-Тескей айланма жолдорубуз президентибиз Атамбаевдин күчү менен оңдоло баштады. Тамчыда эл аралык аэропорт ачылды. Бул туризмдин мындан ары өнүгүшүнө чоң салым кошот деп ишенем.
Менин кыялымда Балыкчынын кире беришинде жалаң алты канат ак өргөөлөрдөн турган боз үйлөр комплекси жайгашса, атайын чет өлкөлүктөр үчүн ар бир боз үйдө кыргыздын дасторкону жайылып, улуттук суусундуктар, эжигей, курут, быжы, бешбармак, сары май, жаа бөйрөк, таш кордо сыяктуу тамак-аштар даярдалып турса. Бир боз үйдө "Манас" айтылып, бир боз үйдө күүлөр чертилсе, сыртта ала бакан селкинчек орнотулуп, жаш балдар чүкө ойноп, апаларыбыз өрмөк согуп, шырдак шырып, ата-агаларыбыз ээр, комуз чаап устачылык кылса... Элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, сувенирлер сатылса… Бир жагында тогуз коргоол, кыргыз күрөш, алыш сыяктуу оюндар ойнотулса…
Бул жерге токтогон турист элибиздин нукура жашоосун чагылдырган комплексте эс алып, улуттук суусундуктардан жутуп, даамдуу тамактанып, чери жазылып, андан ары керемет көлүбүздү карай жолун уламак. Ошол жерде иштеген кызматкерлер кароолчусунан тартып баары улуттук кийим кийип тейлесе, чет тилдерди мыкты билсе абдан жакшы болмок. Муну менен биз кыргыз элинин нукура кыргыз кийимдерин, улуттук тамак-аштарын, кол өнөрчүлүгүн, искусствосун, улуттук оюндарын, эң башкысы, кыргыз элинин меймандостугун көргөзмөкпүз. Комплекске кирүү үчүн билет сатылмак. Бул комплексти "Кыргыз конушу" деп атамакмын. Анан жайында "Аврорага" барбай эле Балыкчыда иштемекмин. Балыкчылыктардын көбү жумуш менен камсыз болмок. Андан кийин Александр Галибинди "Кыргыз конушу" деген кино тартууга чакырмакмын…
"Сколько стоит за час?" деген үндөн улам өйдө карасам, күн алтын кумдарга мээримин чачып, жээкте күндөгүдөй шаңдуу жашоо уланып, жанымда көлүбүздү суктануу менен жылмайып карап алтын чачтуу эс алуучу кыз туруптур.
"Менин Кыргызстаным! Менин Ата Мекеним! Менин турагым! Менин сыймыгым! Менин алтын уям! Менин байлыгым! Сенин бир тамчы сууңду кор кылбайм! Сен үчүн кызмат кылам! Сенин гүлдөп-өсүшүңдү чын дилимден каалайм!" деп жүрөгүм дүкүлдөп согуп, шашып-бушуп катамаранды көлгө киргиздим…
Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары.
№4-гимназия-мектебинин 8-"б" классынын окуучусу Жумадил Муңайтпасов.
Сынакты уюштуруп жаткан элчи Кылычбек Султановго окуучулардын мекенчил сезимин ойготуп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз!