Орусияда өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунда мушкер Азат Усеналиев күмүш, Өмүрбек Малабеков коло медаль тагынды

17-20-декабрь аралыгында Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында бокс боюнча Дүйнө кубогуна арналган мелдеш болуп өттү. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, ага жалпысынан 120 мыкты мушкер катышып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Анда Франция, Германия, Финляндия, Сербия, Болгария, Польша, Украина, Молдова, Литва, Беларусь, Армения, Азербайжан, Швеция, Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргыз Республикасы, Түркмөнстан жана Марокко сыяктуу мамлекеттердин мушкерлери күч сынашты.

Кыргыз мамлекетинин намысын талашууга барган Азат Усеналиев 52 килограмм салмакта рингге чыгып, финалга чейин жеткен жалгыз кыргыз мушкери болду. Финалда ал молдовалык мушкер Александр Ришкан менен беттешип, упай катыштыгында жеңилип калды. Жыйынтыгында мушкерибиз күмүш медаль тагынды.

56 килограмм салмакта Өмүрбек Малабеков жарым финалда утулуп, 3-орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aibek8992
2015-12-21 13:06:05
Азаматтар кыргызымдын кыраан алгырлары!!!
+1
Ruslan_d
2015-12-21 16:56:54
Эркек экенсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан