16-19-декабрь аралыгында Катардын Доха шаарында веложарыш боюнча "Tour of Al Zubarah" Эл аралык мелдеши болуп өттү. Ага жалпысынан 68 спортчу катышты.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, кыргыз спортчусу Евгений Ваккер 119,8 чакырым аралыкты багынтууда 2 саат 45 мүнөт 8 секунда сарптап, 2-орунду ээледи.