Кыргызды дүйнөгө тааныткан Валентина Шевченко атактуу Ронда Роузи, Холли Холм сыяктуу спортчулар менен мушташууга даяр

20-декабрда АКШнын Орландо шаарында эрежесиз эр уруш боюнча "UFC on Fox" мелдеши болуп, анда кыргыз спортчусу Валентина Шевченко дебют кылды. Ал 8 бурчтукта канадалык Сара Кауфман менен беттешип, 3 раунддун жыйынтыгында упай айырмачылыгында жеңишке жетишти. Бул беттештен кийин Валентина Шевченконун жашоосунда чоң бурулуш болду, себеби аны кыргыз жеринде жана Перуда гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан элдер тааный баштады. SUPER.KG порталы беттеш учурунда көз жаздымда калган нерселерге токтолот.

UFC МЕЛДЕШИНДЕ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН АТЫНАН КАТТАЛЫП, КҮЙӨРМАНДАРЫН КУБАНТТЫ

SUPER.KG порталы окурмандарын учурда чет жерде жашап, машыгып, мелдештерге катышып жүргөн Валентина Шевченко тууралуу жаңылыктар менен кабардар кылып турат. Кээде окурмандар анын чет жерде жүрүп, Перунун желеги астында айрым мелдештерге чыгып жүргөнүн сындашат. Валентина кезинде Орусиянын желеги астында да айрым мелдештерге чыкканы белгилүү. 20-декабрдагы беттеште Валентина Шевченко кыргыз жеринин спортчусу катары каттоодон өттү. Тактап айтканда, анкетада анын туулган жери катары Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн. UFC, албетте, Олимпиада эмес, спортчунун кайсы мамлекеттин атынан чыгып жатканы уюштуруучуларга кызык эмес. Жалпысынан коомчулук аны UFC мелдешине чыккан алгачкы кыргыз спортчусу деп билип калды. Анын жеңишине кыргыз жериндеги күйөрмандардын кубанганы буга далил болуп берет.

ВАЛЕНТИНА ПАРТЕРДЕ ДА МЫКТЫ МУШТАШАТ!

Валентина көптөгөн жеңиштерине тик туруп мушташууда жетишкен. Буга күйөрмандардын да көзү көнүп бүткөн. Бул жолу ал күйөрмандары үчүн ачылыш жасап, тик туруп мушташпай, көбүнчө партерде кармашты. Буга Сара Кауфмандын кол менен мыкты иштеген мушкер экени себеп болгон. Коргонуу иретинде ушундай тактика тандалган. "Беттешке 2 гана апта калганда чакыруу алып, даярдандым" деген Валентина грэпплинг өнөрүн да мыкты өздөштүргөн. Алгачкы беттешинде партерде артыкчылык көрсөткөнү Валентина үчүн жеңиш. Буту менен колунун соккуларын кийинки беттештерде сөзсүз колдонот, себеби кийинки беттештер улам күчтүү атаандаштар менен болот деген божомолдор бар.

АТААНДАШЫ САРА КАУФМАН ЖЕҢИЛГЕНИН МОЮНУНА АЛДЫ

Эрежесиз эр урушта көпчүлүк учурда нокауттар катталып, жеңүүчү мөөнөтүнөн мурун белгилүү болот. Бул беттеште болсо 3 калыстын экөөсү жеңишти Валентинага ыйгарса, бир калыс Сараны жеңүүчү деп тапты. Алып баруучу жеңүүчүнүн атын элге угузуп, калыс Валентинанын колун көтөрүп жатканда Сара Кауфман кол чаап турду. Бул Саранын атаандашына болгон сыйын, калыстардын пикири менен макул экенин далилдейт. Валентинанын эжеси Антонина Шевченко SUPER.KG порталына буларды айтты: "Сара 3 калыс тең жеңишти Валентинага бергени туура болмок деген ойду айтты, себеби Валентина беттеште таза жеңишке жетишти. Сара өзү пландагандай мушташа албаганын белгиледи".

КЕРЕК БОЛСО РОНДА РОУЗИ МЕНЕН МУШТАШАТ

Валентина Шевченконун атаандашы Сара Кауфман 61 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде алдынкы бештикке кирет. Негизи эле бул салмак категориясы көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп келет. Бул салмакта атагы таш жарган Ронда Роузи, Холли Холм сыяктуу атактуу спортчулар бар. Валентина эгер UFC уюму менен келишим түзүп, карьерасын уланта турган болсо, аталган спортчулар менен мушташат. Беттештен кийин ал интервью берип жатып аларга чакырык таштады. "Мен UFC`деги күчтүү мушкерлердин катарына кошулганым үчүн кубанычтамын. Мен үчүн дүйнөдөгү күчтүү мушкерлер менен мушташуу мүмкүнчүлүгү туулду. Жолумдан чыккан бардык спортчу менен мушташууга даярмын",- деди.

P.S. Спортчу UFC менен бир гана беттешке келишим түзгөн. Жеңиштен кийин ага кайра келишим сунушталдыбы, жокпу, азырынча белгисиз, бирок Валентина бул уюм менен кызматташып жатканы үчүн кубанычта экенин айтат. Эгер келишим сунушталса, ал баш тартпачудай көрүнөт. Андыктан анын рейтингде алдынкы бештикке кирген спортчулар менен мушташуусун, жакынкы аралыкта UFC чемпиондук кур үчүн мушташ уюштуруусун тилейбиз. Албетте, чемпиондук кур үчүн беттеш Ронда Роузи, Холли Холм сыяктуу спортчуларсыз болбосо керек...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ruslan_d
2015-12-21 16:54:52
Азаматсын! Урматту супер Озунонда интервью алгылачы сураныч?
0
admin_portal
2015-12-21 17:02:39
Ruslan_d, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан