Кара-Көл шаарында бүгүн, 21-декабрда ботулизмден бир адам набыт болду. Маалыматты SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору ырастады.
Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарынын жашоочусу 1954-жылы туулган С.К. бирге иштегендери менен консерваланган салат жеген. Эки күндөн кийин өзүн начар сезип, көзүн ача албай калган. Аны оор абалда бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө алып келишкен. Дарыланып жатып, абалы кескин начарлап, ал көз жумган.