Эл аралык футбол федерациясынын президенти (ФИФА) Йозеф Блаттер менен Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) жетекчиси Мишель Платининин 8 жылга футбол жаатында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынды. Мындай чечимди иликтөөлөрдөн кийин ФИФАнын Этика боюнча комитети кабыл алганы маалым болду.
Маалыматка ылайык, ФИФА уюму Блаттердин буйругу менен Мишель Платининин эсебине 2 миллион франк өлчөмүндө каражат которгон. Бул акча каражатынын мыйзамдуу экенин Блаттер далилдей алган эмес. Ошол себептүү иликтөө иштери башталып, футбол ишмерлери ушул жылы октябрда ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилишкен (90 күнгө).
ФИФАнын жаңы президенти 2016-жылы белгилүү болот. Президентти шайлоо 26-февралга белгиленген.