Футбол боюнча олимпиадалык курама команда "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине даярдык көрүп жатат

Футбол боюнча олимпиадалык курама команда "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, машыгуу сбору 17-декабрда башталган. 27-декабрда жыйынтыктала турган машыгуу сборлору Кант жана Бишкек шаарларында өтүүдө.

Кошумчалай кетсек, 21 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамалар арасындагы "Шериктештик Кубогу-2016" мелдеши быйыл 8 команданын катышуусунда өтөт. 16-24-январь аралыгында Санкт-Петербург шаарында өтчү мелдеште олимпиадалык курамабыз "А" тайпасына бөлүндү. Бул тайпада Беларусь, Казакстан жана Молдованын олимпиадалык курамалары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан