Ош шаары боюнча Малайзияга жолдомону 10-класстын окуучусу Мээрим Рахманова утту

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" аттуу сынактын Ош шаары боюнча жеңүүчүсү болуп 10-класстын окуучусу Мээрим Рахманова табылды.

Мээрим Рахманова Ош облусунун Кара-Суу районундагы Питомник айылында 2000-жылдын 27-апрелинде туулган. Үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү. Атасы Акылбек Рахманов - жыгач уста, апасы Айдана Айтматова - үй кожойкеси. Сынакты Ош шаары боюнча НТС телеканалы жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

Жеңүүчү өзү тууралуу: "2006-жылы, 6 жашымда Питомник орто мектебинин босогосун аттагам. Мектепте "эң жакшы" деген бааларга окуп, активист болдум. 9-классты жалаң "5" деген баалар менен бүтүп, 10-класста Ош мамлекеттик университетинин "Билим" лицейине тапшырдым. Кайсы жерде болбосун, терең билим алууга, дилгир болууга умтулам. Бүгүнкү күндө кытай тили багыты боюнча окуйм. Максатым - кытай тилин өздөштүрүп, Кытай мамлекетинде билимимди өркүндөтүү. Келечекте дүйнө жүзүн кыдырып котормочу болсом деп кыялданам. Кыргызстаным өнүккөн, алдынкы өлкөлөрдүн катарына кошулса, ар бир жаран татыктуу билим алып, жумуш менен камсыз болсо дейм. Ошондуктан жакшы ниет кылып, алдыма чоң-чоң максаттарды коюп, ага жетүүгө аракет кылам",- деп билдирди.

Ош шаары боюнча жеңүүчү деп табылган Мээрим Рахманованын дил баянын сунуштайбыз:

"Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"

Апам табиятынан асан кайгы жан. Болор-болбоско деле кайгырып, капалана берет. Бир күнү эшиктен куру чакасын калдыратып, сүйлөнүп келди.

- Деги качан сууга жарыйт экенбиз? Кошунанын келини "Суусуз кантип барам?" деп муңайганынан ошого куюп берип койбодумбу. Көпчүлүк жан эмеспи...

Апамдын эмнеге кейип жатканына таң калбай деле калганбыз. Мен эс тарткандан бери эле ушул көрүнүш. Жаңы суу тартылып келгенде айылдын бир дүрбөгөнү эсимде. Азыр болсо ошол айылдагы жалгыз түтүктүн оозун акмалап, кечки саат 5тен 6га чейинки убакытты күтөбүз. Же бир анысы да ошол убакытта аркырап агып берсечи. Жылтылдаган сымаптай болуп, карап турган элдин баарынын ичин бышырып, 10 мүнөттө араң бир чаканы толтурат. Кезекте тургандардын акыркыларына жетпей да калат. Ошондуктан тээ саат эки, үчтөн баштап эле мага окшогон жаш балдарын кезекке жиберип коюп, жакындаганда чоңдору барышат. Канткен менен айылда суу жок болсо да, ыйман-ынсап деген бар эмеспи, улууларга кезек берип отуруп суусу жок кайткандары да болот. Анан апама окшогондору минтип араң жеткен суусун бирөө менен бөлүшүп келе берет.

Оо, биздин айылда бул ишти кылган адам кыйла эле соопко калат. Эми кошунанын келини апамдын алдынан кыя өтпөй, бүгүнкү кылган жакшылыгын эч качан унутпай жүрөт. А мен болсо ушундай апам менен өзүмчө эле ичимден мактанам.

Кыскасы, бир айылдын, балким, кимгедир кичине көрүнгөн, а биз үчүн опол тоодой маселебиз ушул. Сууга жетпей жатканда жаштар үчүн спорттук клуб, шаардагыдай чачтарач, өтүк оңдоочу жай дегендерди ачууну ойлоого чоң кишилерибиздин деле алы жете элек.

Мен буларды бир нерсени айтуу үчүн жазып жатам. "Кошуна айылга жаңы үй-бүлө көчүп келип, үйүнүн алдынан суу чыгарып алыптыр" деген кеп желдей тарады. Аны биздин да бир айылдашыбыз үйрөнүп келиптир. Көрсө, биз таза сууну тебелеп жашайт окшойбуз. Саз эмес, таштак, бийигирээк жерди казышып, тереңдеп кирип отуруп акыры суу чыкканда кудук кылып коюшту. Кудук казгандарга тимеле алтын казып жаткандай, анын арасында менин да атам аралашып жүргөнүнө сыймыктанып, апам демдеген ысык чайды улам ташып жүгүрүп жүрөм. Биздин үйгө жакын жерден суу чыгарын досторума тымызын, көзүм менен билдирип мактанам.

Мал башын салып булгабасын деп үстүн жаап, менин көзүм менен караганда, мультфильмдеги кудуктун эле өзүндөй кылып коюшту. Эмнеге мурда эле ушуну жасабагандарына таң калам. Ошондо айыл боюнча сууну аябай ташыдык. Көзүбүзгө жакшы көрүнөт да. А азыр болсо ар бир эки үйдө бирден кудук. Мектепте биология сабагынан берген эжейим айтат, "жер астынан чыккан суу таза болот" деп. Демек, биз өзүбүздү өзүбүз таза суу менен камсыздап алдык. Мен ушундай болорун билгем.

Ушинтип "Мамлекетим мага эмне кылып берди?" деп керсейбей, "Мен мамлекетке эмне кылдым?" деген суроонун үстүндө ойлонсок, ар бирибиз моюнубуздагы жүктү сезет белек.

Учурда мен мамлекетим үчүн чоң нерсе жасап жатам. Тагыраак айтканда, чоң нерсе жасоого даярданып жатам. Мектепте жакшы окууга тырышып, келечекте мыкты котормочу болом деп аракеттенип жүрөм. Ошондо айылыбызга кудум шаардагыдай чачтарач, өтүк оңдоочу жай, спортзал курам. Анан ага бүт айылдын чачын үйүндө тегиздеген Замирбек аганы, бүт айылдын өтүгүн тиккен Талип аганы алып келем. Балким, кимдир бирөө да ушинтип ойлоп жаткандыр. Эгерде ал ушунун баарын менден мурун жасап койгон болсо кандай жакшы болор эле. Анда мен андан башка маселени чечүүгө жардамдашам. Ошондо мага окшогон дагы бир секелек кыз "мен ушундай болорун билгем" деп кубанат.

Кыргызстанды бир чоң килем деп элестете турган болсок, чоң килемдин чаңын күбүп-кагуу үчүн бир-эки адам жетишпеген сыяктуу, биз да өзүбүздүн эле айлана-тегерегибизди тазалап, жаман нерселерден арылтып, аны менен кошо өзүбүз да жакшырып отурсак эле болгону. Мамлекетти өнүктүрүү ар бирибиздин эле колубузда. Болгону ошол жоопкерчиликти ар бирибиз сезе билели.

"Мен ушундай болорун билгем" деп мен кубанчу, биз кубанчу күндөр али алдыда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Kroxa
2015-12-22 13:53:26
а эмне учун ош облусу анан ош шаары деп эки места берилди калган облустардан бирден эле болуп
0
Kroxa
2015-12-22 13:55:33
баардык облустардан анан баардык облустун борбор шаары барго
+1
aidai88
2015-12-23 18:55:22
Kroxa, Ош областы кыргызстандын экинчи борбору,жери,эли боюнчада башка облосттардан чон.
0
The-New-York-Times
2015-12-22 15:18:39
Kroxa. Ош шаары чон Шаар. Облус калкы 1млн 250мин. Калган облустар калк саны аз. Бишкек менен Чуй деле башка башка жазылыптырго. Ош шаары республикалык подчинениядагы Шаар. Облустук гана эмес.
0
Sema04
2015-12-22 17:37:06
Жакшы куттуктайм!!! Бирок сомнения суусу барбы же жокбу..Суротко байланыштуу..Кызык..
ps.Онугуп ос Кыргызстан!!!
+2
suidum.96
2015-12-22 19:01:11
Селфи кылбай эле жакшына тушсо болмок экен да.Бул деген республикалык дилбаян сынагы го.
+2
Cholpon_Naryn
2015-12-22 19:42:47
Азаматсын Мээрим! Дил баян сонун жазылыптыр. Сага ийгилик.
0
Kitep
2015-12-23 03:36:49
Азамат!жакшы жазыптыр.
Бирок суроттогу там Особняк корунот экен
+2
AKE777
2015-12-23 18:27:54
Дурус...
0
malywKG
2015-12-23 19:08:28
Зор кыргызча экен татыктууу
0
Miregya
2015-12-24 01:25:59
Тилегине жет дил баян сонун соз жок.кычык эле таппай турабызда туугандар суротуно деле асылып...
0
The-New-York-Times
2015-12-24 13:27:14
Kroxa, Ош облусун кошбогондо Ош шаарынын озундо 500мин калк, Ош шаарынын озундо 56мектеп бар. Облустун калкы 1.5млн. баардык облустун борбору бар дейсинер.
Нарын шаары 40мин облус 250мин
Талас шаары 30мин облус 230мин
Баткен шаары 10мин облус 450мин
Ысык-Кол облус 450мин Каракол 60мин
Жалал-Абад шаары 80мин облус 900мин
Ош облусуна 4-5облус аран стен келет.
+1
tynara81
2015-12-24 22:35:57
Жакшы жазыптыр!
0
only_progress
2015-12-25 00:40:45
Женуучу орунду сатып алса да, тааныш аркылуу алса да, балада да жазуучулук чымын болуш керек. Чымыны бар учун ийгилике жетишти деп ойлойм. Эгер ар бир ата-эне баласынын жакшы окуусуна кичинесинен конул буруп, жакшы шарт тузуп берсе ар бир бала бир жактан болбосо,бир жактан бир онору чыгат деп ойлойм.
0
Zarger59
2015-12-25 23:58:14
Азаматсын жердеш аябай жакшы, чыныгы турмуштан алып дил баянды маанилуу жеткиликтуу жазыпсын.Омурун узун болуп талантын оркундой барин.
0
Zarger59
2015-12-25 23:59:56
Талантын оркундой берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан