20-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Митал Шариповдун жаркын элесине арналган оор атлетика боюнча II Эл аралык мелдеш аяктады. Өспүрүмдөр арасындагы мелдешке жалпысынан 160 спортчу катышты. Казакстандан 2 команда келсе, спортчулардын калган бөлүгү өлкө аймагынан тандалып келген.
Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен кабарлашкандай, мелдеш оор атлетиканы жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана Бишкек шаарынын курама командасын бекитүү максатында уюштурулган.
Анда балдар арасында 9 салмакта, кыздар арасында 6 салмакта жеңүүчүлөр аныкталышты.
Балдар арасындагы жеңүүчүлөр:
44 килограмм салмакта. Шернияр Сыргабек уулу (Талас облусу)
48 килограмм салмакта. Авазбек Мамасалы уулу (Баткен облусу)
51 килограмм салмакта. Амантур Усупбеков (Талас облусу)
56 килограмм салмакта. Кадырбек Айылбеков (Бишкек)
62 килограмм салмакта. Адилет Абдыразаков (Баткен облусу)
69 килограмм салмакта. Баабек уулу Токтогул (Бишкек)
77 килограмм салмакта. Сейитказы Алишер (Казакстан)
85 килограмм салмакта. Максат Салмурбеков (Республикалык олимпиадалык резерв мектеби)
85 килограммдан жогорку салмакта. Бексултан Мирзабеков (Республикалык олимпиадалык резерв мектеби)
Кыздар арасындагы жеңүүчүлөр:
48 килограмм салмакта. Майрам Кадыралиева (Бишкек)
44 килограмм салмакта. Татьяна Власова (Чүй)
53 килограмм салмакта. Жеңишкүл Советбек кызы (Республикалык олимпиадалык резерв мектеби)
58 килограмм салмакта. Азиза Адылбек кызы (Республикалык олимпиадалык резерв мектеби)
63 килограмм салмакта. Раушана Чолпонбек кызы (Республикалык олимпиадалык резерв мектеби)
63 килограммдан жогорку салмакта. Кубанбек кызы Кундуз (Көл-Төр)