Бишкекте 600 балага жаңы жылдык балаты уюштурулду. Муну шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Ленин районунун акимчилиги “Сейтек” балдар борборунда кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Ага 5 жаштан 14 жашка чейинки 600 бала катышты. Алардын 105и толук жетимдер, 150 баланын ата-энеси Апрель окуясында каза болгон же жаракат алган, 16 баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана 329у аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн. Салтанаттуу иш-чаранын жыйынтыгында балдарга таттуу белектер таратылды.