Футболчу Антон Землянухиндин жубайы Юлианна Морозова 2015-жылдын мыкты волейболчусу болуп табылды

КРнын Волейбол федерациясы 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарып, мыкты волейболчу кыздарды аныктады. Жыйынтыгында кыз-келиндер арасында мыкты болуп Анастасия Щелокова ("Салам-Алик" клубу) менен Юлианна Морозова ("Дордой-Намыс" клубу) табылды.

Маалым болгондой, мыктыларды аныктоодо "Solveig Sport Center Кубогу" үчүн болгон мелдеш чоң роль ойноду. Анда Юлианна Морозова "Дордой-Намыстын" курамында жеңүүчү аталды. Буга катар команда жыл ичинде Ысык-Көл оюндарында алтын, өлкө чемпиондугунда күмүш медаль тагынган.

Анастасия Щелокова болсо "Салам-Аликтин" курамында өлкө чемпиондугунда жана кумда ойнолгон волейбол боюнча өлкө чемпиондугунда алтын медаль тагынган.

Кошумчалай кетсек, Юлианна Морозова футбол боюнча улуттук кураманын лидерлеринин бири Антон Землянухиндин жубайы. Жакында Футбол федерациясы Антонду "Мыкты футболчу" деп тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
shailoo2015
2015-12-22 13:41:27
Күтүлбөгөн белек болуптур быйыл Антондун үйбүлөсүнө, куттуктайбыз!
+4
sharolli
2015-12-22 14:02:57
Экоо мелдешкендей го Антон мыкты болсо мен каламбы дептирда;)
а так малоч экоонон жаралган балдарды элестетип кое бергиле;)
+6
Dinakg
2015-12-22 14:15:17
Бири бирине сонун жарашкан тугойлор экен.Бактылуу болгула!
+2
Abdyrashit.Satylganov
2015-12-22 14:16:15
Үй бүлөлүк бакыт каалайм... Дагы көптөгөн ийгиликтерди багындыргыла
+2
Nurluujan16
2015-12-22 18:18:52
Рахмат силердин утуштарыңарга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан