Медреселерде кошумча кесипке ээ болгон 142 окуучуга сертификаттар тапшырылды. Муну бүгүн, 22-декабрда Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын расмий сайты жарыялады.
Маалым болгондой, окуучулар ширетүүчү, тигүүчү, ашпозчу, электр монтаждоочу кесиби боюнча окуу курстарын аяктап, атайын сертификаттарга ээ болушкан. 142 окуучунун ичинен 25и ишке орношсо, 29 студент өзүн өзү иш менен камсыз кылган.
"Муфтият коомдук фонд менен биргеликте уюштурулган «Медресе: айыл жергесинде кесипке окутуу» долбоору 2014-жылдын октябрь айынан баштап медресе жаштарынын светтик карьералык өсүүсүн жакшыртуу максатында Чүй облусундагы 5 медреседе ишке ашып келүүдө.
Бүгүнкү күнү аталган долбоордун алкагында жалпысы 268 студент кыска мөөнөттүү курстарга катышкан",- деп айтылат маалыматта.