Жалал-Абад. Сузак районунда бала бакча ачылды

Бүгүн, 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда "Көпөлөк" аттуу бала бакчанын ачылышы болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бала бакча 1973-жылы курулуп, бирок 1992-жылдан бери иштебей турган. 2014-жылы имарат мамлекетке кайтарылып, 2 920 000 сом дем берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргөн. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылытуучу систем оңдолуп, эмеректер сатылып алынды. Ал жерде 100 бала тарбияланса болот.

Бала бакчанын директору Салима Караева мектепке чейинки билим берүү мекемелери жок болгондуктан, балдар тийиштүү билим алышпай келишкенин белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазчылык айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан