Мексикалык миллиардер Карлос Слим дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасынан 2015-жылы эң көп каржылык жоготууларга учурады. Быйыл ал болжол менен 20 миллиард долларын (өзүнүн байлыгынын 25 пайызы) жоготту. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Карлос Слим коммуникациялык индустрия тармагындагы Мексиканын ири компанияларынын ээси. "Мексиканын бийлиги Слимди анын инфраструктурасын рыноктун башка катышуучулары менен бөлүшүүгө милдеттендирүүдө. Быйыл мексикалык коммуникациялык рынокто ири атаандаштар пайда болгондугунан улам К.Слимдин кирешелери төмөндөгөн. Ошентип, ал дүйнөнүн эң бай 400 адамынын арасынан "2015-жылдын эң шордуу бай адамы" деп табылып, ошол эле учурда байлардын тизмесинде 5-орунда жайгашты. Былтыр ал 2-орунда турган",- деп жазышат басылмалар.