Министрлик: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны кыскарды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ай сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 303 миңден ашуун балага жөлөк пул төлөйт. Бул тууралуу 22-декабрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы көрсөткүч өлкөдөгү балдардын жалпы санынын 14 пайызын түзөт. 2013-жылы 336 миң балага жөлөк пул берилсе, 2 жыл аралыгында жакырчылыктан 33 миңдей бала чыгарылган.

Жөлөк пулду төмөнкү категориядагы жарандар ала алышпайт:

- Көп убакытка пайдаланууга мүмкүн болгон буюму барлар (жеңил унаа, трактор, комбайн, жүк ташуучу унаа);

- Эгерде үй-бүлөдө 10 адам болсо жана аларда 3төн ашык уй, 25тен ашык кой (эчки), 2 жылкысы барлар.

Жөлөк пулга муктаж болгондорду айыл өкмөтү аныктайт, андан соң тийиштүү документтер Социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан