Өлкөдө жыл башынан бери 29,7 миң кош бойлуу жана төрөгөн айымдарга жөлөк пул төлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, жөлөк пулдун орточо көлөмү 1761 сомду түзөт. Жалпысынан жыл башынан бери 209,5 миллион сом төлөнүп берилген.