Ош. 5 студентке бир жылга 1200 доллардан стипендия каралды

Ош мамлекеттик университетинде 4 жылдан бери студенттерди талыкпай билим алууга, эмгекчил болууга, максаттарын турмушка ашырууга өзгөчө стимул боло турган “Атуулдук стипендия” берилип келет. Быйыл бул акчалай сыйлык 21-декабрда тапшырылды. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3 ай ичинде комиссия жобонун негизинде документ тапшырган 22 талапкердин арасынан эң мыкты окуган, жөндөмдүү, чыгармачыл, таланттуу, идеяларга бай 5 студентти тандап алган. Эми алар айына 100 доллардан, жылына 1200 долларлык стипендияга ээ болушту. Жалпысынан бир жылда 5 студент 6 миң долларлык стипендия алышып, өзүн өзү өнүктүрүүгө, чыгармачылык ишмердүүлүктөрүнө, алгачкы максаттарын турмушка ашырууга жумшашат.

Быйылкы стипендияга математика жана информациялык технологиялар факультетинин 4-курсунун студенти Асан уулу Нурмухамед, медицина факультетинин 4-курсунун студенти Максатбек Гүлжигитов, бизнес жана менеджмент факультетинин 4-курсунун студенти Базарбай кызы Айжамал, юридика факультетинин 5-курсунун студенти Сапарали Патаев, искусство факультетинин 2-курсунун студенти Айтурган Турдубаева ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_2
2015-12-22 23:36:07
Жакшы стимул болуптур.
Стипендияны эмне кылып жазып салдыңар ? Айына 100$ алып, бир жылда 1200$ берилсе, баарына 6000$ деп кошуп эсептеп.
+1
Pantherka
2015-12-23 17:33:07
Rifle_2,Математиканы билбесен калькулаторду алып эсептечи!
0
Pantherka
2015-12-23 17:34:53
Коррупциясы жок берилип жатат деп умуттономун баарынан да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан