Кечээ, 21-декабрда Эл аралык футбол федерациясынын президенти (ФИФА) Йозеф Блаттер менен Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) жетекчиси Мишель Платининин 8 жылга футбол жаатында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынган. Блаттер бул тууралуу өз пикирин айтты.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Блаттер бул чуулгандуу окуялардын баарын АКШнын саясаты деп баалайт. "2022-жылкы Дүйнө чемпиондугун өз үйүндө өткөрүү укугун АКШга бергенибизде, бул окуялар болбойт эле. Биз 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугун Катарга бердик, АКШ Эл аралык футбол федерациясынын бардык иштерине кийлигише баштады. Платини экөөбүз сурак берип жатканда баарын далилдедик, бирок учурда бардык чындыкка көңүл бурулбай жатат. Биз эми сотко кайрылабыз",- деди Блаттер.
Бул футбол ишмерлеринин катышуусундагы чуулуу окуяга токтолсок, баары сентябрь айында башталган. Анда Швейцариянын күч органдары 2011-жылы ФИФА уюму Блаттердин буйругу менен Мишель Платининин эсебине 2 миллион франк өлчөмүндө каражат которгонун айтып, тергөө башталган. Алардын пикири боюнча, бул акча каражатынын мыйзамдуу экенин Блаттер далилдей алган эмес. Футбол ишмерлери ушул жылы октябрда ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилишкен (90 күнгө).
ФИФАнын жаңы президенти 2016-жылы белгилүү болот. Президентти шайлоо 26-февралга белгиленген.