Ошто окуучуларды туура кесип тандоого үндөгөн семинар болуп өттү

22-декабрь күнү Ош калаасындагы "Семетей" кинотеатрынын чоң залында шаардагы жаштарга туура багыт берүү, аны менен кошо эле бир топ көйгөйлөр туурасында мектеп окуучуларынын оюн билүүнү колго алып, аларга “Кесипти туура тандап, өлкөңө салым кош” аттуу семинар болуп өттү.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, шаардык кеңештин депутаты Сонунбек Жунусбаев,
Ош МУнун Магистратура департаментинин директору Эрлан Камалов, окутуучулар, мыкты кесип ээлери жана шаардагы окуучулар катышышты. Семинардын жүрүшүндө окуучулар ийгиликке жеткен мыкты кесип ээлеринин кеңештерин угуп, кызыктырган суроолоруна тиешелүү жоопторун алышты.

“Айрым өлкөлөрдө кесипке багыт берүү кичине кезинен эле башталат. Анын жыйынтыгында туура багыт алган окуучулар мектепте окуп жатканда эле тандап алган кесипке тиешелүү сабактар боюнча билим алышат. Кесипти туура тандаган окуучулар мыкты билим алышса, мамлекет кесипкөй адистерге бай болот. Өз кесибин мыкты билип, эли-жерине, мамлекетине өз салымын кошкон кесип ээси болуу терең билимди, талыкпас эмгекти, өжөрлүктү талап кылат. Албетте, кесип тандоодо өзүңөрдүн каалооңорго, жөндөмүңөргө жана ата-энеңердин сунуш-пикирине карагыла”,- деди И.Эргешов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан