Бокс боюнча абсолюттук салмакта Дүйнөнүн экс-чемпиону, украиналык мушкер Владимир Кличко британиялык Тайсон Фьюриге утулганда кубанганын айтат. Анын айтымында, эгерде Кличко жеңишке жетишсе, мунун эч кимге кызыгы жок болмок жана залдагылар украиналыктын дарегине жаман сөздөрдү айтышмак. Бул тууралуу мушкер орусиялык басылмаларга берген маегинде билдирди.
"Беттештен кийин 2-3 күн бул беттеш тууралуу ойлонуп, кыйналдым. Фьюри менен беттеш карьерамдагы эң кыйын беттештердин бири болду. Сокку узатып жаттым, бирок көп сокку дарегине жетпей калып жатты. Кезинде Шумахер "Формула-1" унаа жарыштарында катары менен чемпион болгондо, күйөрмандар үчүн бул спорттун кызыгы кетип калган. Мен чемпион болгон акыркы 11 жылда да ушундай көрүнүш болду. Мен эми реванш тууралуу макулдашып жатам, кийинки беттеш карьерамдагы эң мыкты беттеш болот",- дейт мушкер.
Кошумчалай кетсек, беттеш 28-ноябрда орун алып, анда 12 раунддун жыйынтыгында Фьюри упай катыштыгында жеңишке жетишкен (115-112, 115-112, 116-111). Жыйынтыгында ал WBA, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча жаңы чемпион аталган.