UFC мелдешиндеги алгачкы жеңиши үчүн Валентина Шевченкого 36 миң доллар каражат каралган

20-декабрда атактуу спортчу Валентина Шевченко "UFC on Fox 17" мелдешинде канадалык Сара Кауфманды утуп алды. 61 килограмм салмак категориясында орун алган беттештеги жеңиши үчүн спортчу кызга 36 миң доллар каражат каралган. Анын 24 миң доллары гонорар катары, 12 миң доллары кошумча сыйлык иретинде берилет. Ал эми Сара Кауфманга 22 миң доллар тапшырылат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул күнү жалпысынан "UFC on Fox 17" мелдешинин алкагында 13 беттеш орун алган. Анда эң көп каражат Алистар Оверимге (110 килограмм салмакта) төлөндү. Ал Жуниор Дос Сантосту утуп, жалпысынан 742 857 доллар алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Arslan12
2015-12-23 12:17:56
Аз го гонорары, бирок ийгилик Валентинага!
0
bond
2015-12-23 16:06:48
Биздин бийлик анын гонорарынын дагы 13%% алса керек.
0
Rifle_2
2015-12-31 08:59:51
bond, 20%
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан