Шериктештик Кубогу-2016. Кыргыз футболчулары алгачкы беттешин Беларуска каршы өткөрүшөт (оюндардын тизмеси)

17-23-январь аралыгында Санкт-Петербург шаарында өтө турган футбол боюнча "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешиндеги оюндардын даталары белгилүү болду. Мелдеш бул жолу 8 мамлекеттин олимпиадалык курамаларынын катышуусунда өтөт. Тактап айтканда, анда жалаң 21 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн курамалар ойнойт.

Төрт-төрттөн эки тайпага бөлүнгөн командалар өз ара ойноп, тайпадан алдынкы орундарды ээлеп чыгуу аракетин көрүшөт. Мелдештин жылдагыдан айырмасы: бул жолу плей-офф баскычы болбойт. Тайпадан 1-орунду ээлеп чыккан команда финалга чыгат. Ал эми 2 тайпада 2-орунду ээлеп калган командалар өз ара 3-орунду талашышат.

"А" тайпасы: Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдова

1-тур. 17-январь, 2016-жыл.

Беларусь – Кыргыз Республикасы

Казакстан - Молдова

2-тур. 19-январь, 2016-жыл.

Молдова - Кыргыз Республикасы

Казакстан - Беларусь

3-тур. 21-январь, 2016-жыл

Беларусь - Молдова

Кыргыз Республикасы - Казакстан

"В": Орусия, Латвия, Тажикстан, Эстония

1-тур. 17-январь, 2016-жыл

Латвия - Эстония

Орусия - Тажикстан

2-тур. 19-январь, 2016-жыл.

Тажикстан - Эстония

Орусия - Латвия

3-тур. 21-январь, 2016-жыл

Латвия - Тажикстан

Эстония - Орусия

23-январда чечүүчү оюндар ойнолот. Тайпаларда акыркы орундарды ээлеген командалар 7-орун үчүн ойношсо, тайпаларда 3-орунду ээлеп калган командалар 5-орун үчүн бет келишет. Тайпаларда 2-орунду ээлеп калган командалар 3-орун үчүн ойношот. Ал эми эки тайпанын жеңүүчүлөрү финалдык беттеште өз ара кез келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jugorsk
2015-12-23 12:53:25
Оо жакшы барып колдойбуз
0
B.B.Sadykov
2015-12-23 19:55:34
Орустар оздоруно женил командаларды кошуп алган го
0
miki87-06
2015-12-24 15:15:38
Алга Кыргызстан алга! Кыргызстан чемпион.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан