Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде өлкөнүн кыз-келиндер курамасы 112-орунду ээледи

Декабрь айында жаңыланган Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде өлкөнүн кыз-келиндер курамасы 4 орун алдыга жылып, 112-орунду ээледи. Ал эми жыл ичиндеги жыйынтык боюнча курама команда 21 орун алдыга жылган.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, Гүлбара Уматалиева жетектеген кыз-келиндер курамасы бир жыл мурунку жыйынтыкта 133-орунду ээлеп турган. Рейтингде алдынкы үчтүктө АКШ, Германия жана Франциянын курамалары жайгашкан.

Рейтинг эми 2016-жылы 25-мартта жаңыланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан