2016-жылдын январь айында Түркияда кыргыз ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өтөт

2016-жылдын 21-22-январында Түркиянын борбору Анкара шаарында кыргыз ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрдагы маалымат жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду.

Түркиядагы "Кыргызстан" достук жана маданият коомунун төрагасы Айбек Сарыгулов Евразия экономикалык биримдиги көптөгөн экспортёр өлкөлөр үчүн кызыктуу болгон 170 миллиондук ири рынок экенин белгилеп, "бул кыргыз ишкердиги үчүн колдонула элек жаңы мүмкүнчүлүк" деп билдирди.

Анын айтымында, Түркияда өтө турган бизнес-форум - дал ушул мүмкүнчүлүктү колдонууга болгон аракет. "Текстиль өнүгүп жатканда биз буюмдарды тигип, кыргыз жеринде жасалган буюм катары сатсак, кирешени көп табат экенбиз. Дүйнө тез ылдамдыкта кыймылдап, өнүгүп жатканда текстиль тармагынын ылдамдыгы да тез болууда. Эгерде дүйнөдө бир нерсе чыкса, ошол эле нерсе биринчи Түркияда, андан кийин Кытайда чыгат. Менимче, кыргыз ишкерлери түрк кездемелери менен кийимдерди тигип, чет өлкөлөргө сатыкка чыгарышы керек. Кыргыз Республикасы көп мамлекеттер менен соода алакада. Мындан улам бизде тигилген кийимдерди биз Кытайга сата алабыз",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан