КРнын Футбол федерациясында Азия футбол конфедерациясынын “А” жана “С” категориялары боюнча сертификаттары тапшырылды. Анда сертификат атайын окуудан өтүп, “А” категориясынын нормативин толтурган 18 машыктыруучуга жана “С” категориясынын нормативин толтурган 1 машыктыруучуга берилди.
Кошумчалай кетсек, Азия футбол конфедерациясынын жана Эл аралык футбол федерациясынын жобосуна ылайык, “C” категориясындагы машыктыруучулар жаш балдарды машыктыруу укугуна ээ болушат. Ал эми “A” категориясынын лицензиясын алган машыктыруучулар улуттук курама командаларды машыктыруу укугуна ээ. Машыктыруучулукта эң жогорку категория катары PRO категориясы эсептелинет.
Сертификаттарды улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин тапшырды.
“A” категориясынын сертификаттарын алган машыктыруучулар:
Владимир Сало (“Абдыш-Ата” футболдук клубу), Валерий Березовский (“Абдыш-Ата”), Закир Жалилов (дарбазачылардын машыктыруучусу), Аскар Ахметов (“Абдыш-Ата”), Олег Холковский (“Дордой”), Мурат Жумакеев (“Дордой”), Роман Моргунов (“Кара-Балта”), Светлана Покачалова (Футбол борбору), Александр Бельдинов (“Алга”), Самат Сүймалиев (“Абдыш-Ата”, Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу), Марат Жумакеев (Футбол борбору), Хуршит Лутфуллаев (“Абдыш-Ата”), Олег Матвеев (Футбол борбору), Владимир Даниленко (РСДЮШОР), Тариэл Абдукаимов (РСДЮШОР), Павел Сиротин (“Дордой”), Марат Израилов (Футбол борбору), Муратали Авчиев (“Дордой”).
“C” категориясынын сертификатын алган машыктыруучу: Рахат Төлөкбаев.