SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман Кадамжайдагы аймактык ооруканада орун жоктугунан бейтаптар коридордо түнөп жатышкандыгы тууралуу кабарлаган эле.
Бул боюнча аталган аймактык оорукананын сыныктар бөлүмүнүн башчысы Заир Шералиев бүгүн, 23-декабрда төмөнкүлөрдү билдирди:
"Бейтаптардын коридордо дарыланып жатышканы чын. Орун жетишпегендиктен, дээрлик эки айдан бери ушул көрүнүш болууда. Кадамжай аймактык ооруканасына жаңы имарат курулуп жаткан. Ал ушул жылдын сентябрь айында колдонууга берилмек. Курулушу бүтөт дегенде сыныктар бөлүмүнүн имаратынын жарымы кир жууй турган бөлүмгө берилген. Жаңы имараттын курулушу дагы эле бүтө элек. Жаңы жылда бүтөрү күтүлүп жатат. Ошондо ал жакка көчөбүз.
Күн жылуу болуп турганда анча билинбей жаткан. Азыр суук болуп кетти. Керебеттерге экиден бейтап жаткырылбайт. Эгер оорулууну караган адам, жакын тууганы эле карап жаткан болбосо".