"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ат-Башыда "эрини кесилген баланы чапкан" деп анын таякесине кылмыш иши козголду

SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман: "Ача-Кайыңды айылында жашаган баланы чоң энеси ооруканага алып келип, жыгылып эрини кесилип кеткенин айткан. Анын оозу көгөргөн эмес. Ал учтуу нерсе менен кесилгенге окшоп турат. Жараатын тиккен жерди тазалап туруу керек эле, ооруканага келбей жатат..." деп маалымдаган эле.

Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ат-Башы райондук башкармалыгынын башчысы Ишенбай Үсөналиев төмөнкүлөрдү айтты: "2008-жылы туулган Бакай аттуу баланы чапкан" деп анын таякесине кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Баланын эрини ириңдеген эмес. Биздин башкармалыкка келип кетти. Оозунда тырык бар экен. Бул маселени балдар иштери боюнча комиссия да карады. Баланын апасы Москвага иштегени кеткен экен. Окуя болгондон кийин өзү келди. Баласы азыр апасынын колунда".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Bonia9189
2015-12-23 18:14:18
Кудай сакта абайлабайбы
0
suyom_seni
2015-12-23 18:19:09
мээримсиз адамдар кобойду((((Журок дегенда ушунчалык таш болобу(((
0
AKE777
2015-12-23 19:38:48
Кудайым сактап, аман калган экен
0
Rifle_2
2015-12-23 20:28:16
Огоо, менин кабарым чыкты. Эрини гана эмес, сол колунда да сайылып кесилген жараты бар. Процедура учурунда курсагы ач экен, эси ооп калайын деген. Бир нерсе алып келип бериң, жеп алсын деп мед.сестрам айтса, баланы бир эки чаап жиберген эле энеси. Бүгүн апасы келип кетти. Эртең баланын өзүн алып келет.
+2
ruslankg
2015-12-23 23:45:56
Rifle_2сиз врачсызбы?,
+1
Rifle_2
2015-12-24 12:15:06
ruslankg,ооба
0
karakchyyy
2015-12-23 20:38:47
Эх Аллахым журок ооруйтко. Адам эмес экен бир да тируу жанга теней албадым акмак башы жок балада не куноо.
0
nurzada78
2015-12-24 01:51:59
Апасы жакшы эле барыптыр,жакшы болуп кетсин бала!Таш боор болбойлучу адамзат!Ачка болсок да,тынч бололу туугандар!
0
mira28
2015-12-24 11:30:12
Акча тиричилик деп балдарыбызды таштап кетип аларда эмне куноо.Ар бир баланын ырыскысын кудайым берет алар бактылуу балалыка татыктуу.Акчаны жашоо откучо кууп отобуз ал эми балдардвн балалыгын кайтарып бере алабызбы.Урматтуу ата-энелер жашоо кыйын деп мамлекетке тагдырыбызга тиричилике таарынып аны чырпыктай жаш балдардан чыгарып жатабыз.Канчалаган балдар ата-эне мээримин корбой кусалык менен кун откоруп журушот.
0
Rifle_2
2015-12-24 12:16:01
Чубак ажынын , жалпы аялзатынан кечирим сураганы бар, баардык эркектердин атынан. Ошону [moderated]дан көрсөңөр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан