23-декабрда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Эл артисти Сейитказы Андабеков 90 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сейитказы Андабеков 1925-жылы 18-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылында туулган. 17 жашында Ташкентке аскердик билим алуу үчүн барып, андан ары согушка кеткен. 1944-жылы "Баатырдык үчүн" медалы менен сыйланган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Нарындагы драма театрда иштей баштаган. 1948-жылы КРнын Эл артисти Койсун Карасартовага үйлөнгөн. Ал "Жеңиш үчүн" медалы менен сыйланып, 1984-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына татыктуу болгон. Мындан сырткары "В.И.Ленинге 100 жыл" медалын, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын, Данакер жана Манас ордендерин алган.