Кечээ, 23-декабрда Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган атайын иш-чара болду. Ага КРнын Президентинин аппаратынын өкүлдөрү, спорт ишмерлери, Маданият министрлигинин өкүлдөрү жана жеке ишкерлер катышты. Бул күнү расмий түрдө добулбас кагылып, 2016-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык башталганы жар салынды. Добулбасты 2014-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү аталган Нурбек Кожобеков какты.
Кошумчалай кетсек, 2016-жылкы оюндарды сентябрь айында өткөрүү пландалууда. Анда жалпысынан спорттун 15 түрү боюнча мелдештер өтөт. Жалпысынан 25-30 мамлекеттин өкүлдөрү келип катышары күтүлүүдө.
Жакынкы аралыкта тендер өткөрүлүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдары жасалат.