Футбол боюнча Англия Премьер-Лигасынын учурдагы чемпиону "Челси" голландиялык машыктыруучу Гус Хиддинк менен сезондун аягына чейин келишим түздү. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, машыктыруучу клубга кайрадан кайтып келгени үчүн кубанычта экенин билдирет. Ал буга чейин 2009-жылы февраль айында "Челсини" машыктырып, сезондун акырында Англия Кубогун утуп алган.
Кошумчалай кетсек, "Челси" 17-декабрда португалиялык машыктыруучу Жозе Моуринью менен келишимди бузган. Буга клубдун быйылкы сезондо 16-турдан кийин 16-орунду ээлеп келатканы себеп болгон.