Жаңы жылды майрамдоого карата эс алуу күндөрү белгилүү болду. Ага ылайык, 1-3-январь күндөрү өлкө жарандары эс алышат. 4-6-январь күндөрү жумуш күнү деп белгиленди. Мындан сырткары 7-10-январь күндөрү да эс алуу деп жарыяланды. Ал эми аптасына беш күн иштеген мекемелердин кызматкерлеринин 8-январдагы жумуш күнү 16-январга жылдырылды. Тийиштүү токтомго 23-декабрда кол коюлган.