Бүгүн, 24-декабрда маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу, каржы, материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүүнүн алкагында Орусия тараптан өкмөттүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматына жалпы суммасы 4 миллион 700 сомдук кызматтык унаалар берилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын башчысы Рафик Мамбеталиев, Орусиянын Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын кыргыз жериндеги өкүлү Григорий Пустовитов, өкмөт аппаратынын өкүлү Бакыт Искаков жана мекеменин жеке курамы катышты.
"Бул биз үчүн кубанарлык окуя. Экономикалык мүнөздөгү кыйынчылыктарга карабастан, биздин мекеме кызматкерлер үчүн шарт түзүүгө жана инфраструктураны жаңыртууга аракет кылат",- деди Р.Мамбеталиев.