Бүгүн, 24-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда алыш күрөшү боюнча уландар жана кыз-келиндер арасында эл аралык мелдеш старт алды. Мамлекеттик, коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин жаркын элесине арналган мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана мамлекетибизден жалпысынан 200дөй спортчу катышууда.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, анда уландар арасында 4 салмакта (70 килограмм, 80 кг, 90 кг жана 90 килограммдан жогорку салмак), кыз-келиндер арасында 2 салмакта (60 кг, 70 кг) жеңүүчүлөр аныкталмакчы.