Бишкек мэриясы балбан Арсен Эралиевди спорттогу жетишкендиги үчүн сыйлап, бильярдчы Дастан Лепшаковду, балбан Айсулуу Тыныбекованы "Мыкты спортчу" деп тапты (сыйлык ээлери)

Бүгүн, 24-декабрда Бишкек мэриясы "Москва-1980" Олимпиадасынын коло медалчысы Сатымкул Жуманазаровдун атын алган шаардык сыйлыкты дене тарбия жана спорт ишмерлерине тапшырды. Спортко кошкон салымы эске алынып, 10 номинация боюнча спорт ишмерлерине сертификаттар, медалдар жана 10 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар каралган. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн: Шаршен Касенов ("Дордой" спорттук клубунун башчысы);

Дене тарбия жана спорт тармагындагы жетишкендиги үчүн: Арсен Эралиев (балбан, "Рио-де-Жанейро" Олимпиадасынын жолдомосунун ээси);

Чебер спортчуларды даярдаганы үчүн: Татьяна Борисова (жеңил атлетика боюнча машыктыруучу);

Дене тарбия жана спорттун ардагери: Эгенберген Рыскулов (Биринчи Май райондук дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы);

Спорттук иш-чараларды ММКлар аркылуу чагылдыруу жана жайылтуу: Гулиза Авазова (спорт журналисти).

Ошондой эле сертификат жана медалдар менен кароо-сынакта жеңип чыккан спорт ишмерлери сыйланышты. "Мыкты машыктыруучу" сыйлыгы дзюдо боюнча Октябрь райондук спорт мектебинин машыктыруучусу Роман Кузьминге ыйгарылды. Ушундай эле сыйлык Күмүшбек Дүйшөбаев (бильярд спорту боюнча машыктыруучу) жана Фархад Ушуровго (грек-рим күрөшүнөн машыктыруучу) тапшырылды.

"Мыкты спортчу" сыйлыгы Дарья Маслова (жеңил атлетика), Дастан Лепшаков (бильярд) жана Нурбек Кожобеков (бел боо күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Руслан Царев (грек-рим күрөшү) жана Нурлан уулу Темирлан (бокс) сыяктуу спортчуларга берилди.


"Жылдын мыкты командасы" сыйлыгы боюнча Бишкектин футболдук курамасы, "Мыкты инструктор" сыйлыгы боюнча Бектурсун Эстебесов (Свердлов району), Ниязбек Исаев (Октябрь району), Руслан Асылбеков (Ленин району) жана Темирбек Акматалиев (Биринчи Май району) жеңүүчү аталды.

Бул күнү мындан башка бир катар сыйлыктар тапшырылып, Ардак грамоталар ээлерин тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан