Бүгүн, 24-декабрда Бишкекте "Ынтымак" спартакиадасы старт алды. 26-декабрда жыйынтыктала турган мелдеште волейбол, кичи футбол, аркан тартыш жана жеңил атлетика боюнча жеңүүчүлөр аныкталмакчы.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, анда жеңиш үчүн жалпысынан 260 спортчу катышууда. Спортчулар өлкөнүн бардык аймактарынан чогулган. "Мелдеш сергек жашоого үндөө, массалык спорт түрлөрүн өнүктүрүү жана өлкөдө жашаган түрдүү улуттун өкүлдөрүнүн ортосундагы мамилени жакшыртуу максатында уюштурулууда",- деп жазылат маалыматта.