Бишкек мэриясында бүгүн, 24-декабрда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегиянын аткарылышы боюнча координациялык жыйын болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жыйында мэриянын системинде аныкталган коррупциялык схемаларга карата көрүлгөн чаралар талкууга алынды. Ошондой эле мэриянын коррупцияга бөгөт коюуда укук коргоо органдары менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан аткарылган иштер каралды. Алардын катарында муниципалдык жер тилкелери боюнча мыйзамсыз операциялар, каржы документтерин жасалмалоо, ишенип берилген мүлктү өзүнө өткөрүп алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмалуулук иш-аракеттеринен жалпысынан шаардык бюджетке 122 миллион сом зыян келтирилген.