Москвадагы кыргыздар жаңы жыл алдында мыйзам бузуу боюнча камакка алынган мекендештеринен кабар алышты

Москвадагы кыргыздар 24-декабрда КРнын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү менен жаңы жыл алдында мыйзам бузуу боюнча камакка алынган мекендештеринен кабар алышты. Маалым болгондой, интернеттеги социалдык тармактар аркылуу 26 миң рублдан ашуун каражат чогулуп, ага тамак-аш, жуунуучу каражаттар сатылып алынган.

Орусия Федерациясында мыйзам бузуу фактылары (Документтери туура эмес толтурулган, Орусияда жүрүү эрежесин бузгандар. Бул жерде Орусиянын аймагынан чыгарыла турган чет өлкөлүк жарандар да бар) боюнча кармалган жайда 66 кыргыз жараны бар экени белгилүү болду. "Чет жердеги кыйын күндөрдө мекендештерибиз жалгыз эместигин билдирип, моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында жана Жаңы жыл алдында жакшы маанай тартуулоо үчүн кабар алдык",- дешет уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
suiuktuujar
2015-12-25 11:58:26
Жазылып туратго не кылып мыйзам бузгандары баштан аяк окуп анан жазсанар.
+3
beka1207
2015-12-25 12:08:52
Эн жакшы кылыптырсынар
+4
Qnet
2015-12-25 12:16:15
Азаматтар!Аллах ыраазы болсун сиздерден!Эн сонун иш чара!
+6
nookat.jarkorgon
2015-12-25 12:36:56
Бааракелде аллах разы болсун силерден*)))
+2
Parish
2015-12-25 13:42:24
Жаманчылыкты аманчылык жениптир
демекчи,кайда журсонор да аман
болгулачы кыргыздарым!
Сооп иш жазагандарга аллах раазы болсун.
+4
akimjan93
2015-12-25 14:29:03
жакшыго кыргыздар бир бирине жардам берсе
0
nurzada78
2015-12-25 15:33:10
Жакшы сооп иш кылыпсынар!Кыргыздар бири-бирибизди колдобосок,ким колдойт!Ынтымак бар жерде ырыс бар!
+1
islam1992
2015-12-25 16:34:04
Алла ыразы болсун сиздерге.Алыста ар дайым бири бириниздерге коолдо корсотуп журуо бериниздер урматуу бир туугандар
+2
Zarger59
2015-12-25 22:01:38
Алла ыразы болсун.Ракмат ким уюштурса, дайыма кыргыздар бири бирибизди ушинтип колдоп журо берели.
+1
nur82
2015-12-27 01:56:41
Ушул жерде жазылган комментарийлерден эле билинип турат.Бул Азаматтардын жасаган иштери ошол жерде жаткан бир туугандарыбыздын гана эмес,бут Кыргыздын журогуно жылуу бир сезим калтырганы.Аллахым ыраазы болсун.Мындан кийин силердин катарынарга биз да кошулганды насип кылсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан