Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова 2015-жылкы ийгиликтерине көз чаптырып, жыйынтык чыгарды. Ошондой эле 2016-жылга карата пландары тууралуу ой бөлүштү.
"2015-жылдын башында мен бир мелдеште 2-орунду алдым. Ошону менен бир жыл бою көп мелдештерде 2-орунду ээлеп калдым",- деди балбан кыз.
2016-жылга карата пландары жана "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы тууралуу сөз болгондо төмөнкүлөргө токтолду: "2016-жылга көптөгөн пландар бар. "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алуу керек. Анан, албетте, бул жолу Олимпиада оюндарында медаль утпай калганга укугум жок. "Лондон-2012" Олимпиадасына барып, эч нерсе ута алган жокпуз. Бул жолу жөн эле барып келүүнү пландаган жерибиз жок".
Кошумчалай кетсек, балбандарыбыз Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн 2016-жылы март, апрель жана май айларында орун алчу 3 ири мелдешке катышат. Алардын бири Азия чөлкөмү боюнча тандоо мелдеши (18-20-март аралыгында Казакстандын Астана шаарында өтөт). Калган экөө дүйнөлүк тандоо мелдештери (22-24-апрелде Монголияда жана 6-8-майда Түркияда өтөт).