Дүйнөдөгү эң чоң салмактагы адам катары белгилүү болгон мексикалык Андрес Морено Сепульведа 25-декабрда эртең менен каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын жакындарынын айтымында, маркум жүрөк оорусунан көз жумду. 38 жаштагы мурдагы полиция кызматкеринин ден соолугу начарлаганда "Тез жардам" кызматы чакырылган, бирок ооруканага жетпей жан берген.
Моренонун салмагы алгач 450 килограмм болуп, бул рекорддук көрсөткүч катары саналган. Октябрь айында ага операция жасалып, 100 килограмм салмактан арылган. Ноябрь айында анын абалы кескин начарлап, ооруканага жаткырылган. Операция жасалып, дарылоодон өткөн соң ал үйүнө кайтып келген эле.