28-декабрга чейин Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

28-декабрга чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы электр тармактарынын профилактикалык иштерине байланыштуу айрым аймактарда жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 26-декабрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Орозбеков жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде, саат 11:00дөн 16:00гө чейин Тимур, Фрунзе, Гагарин, Осмонов, Тойгонбаев, Каховская көчөлөрүндө, саат 10:00дөн 17:00гө чейин Средняя, Дэн Сяопин, Жамгырчиев көчөлөрүндө жарык өчөт.

Ал эми 27-декабрда саат 10:00дөн 17:00гө чейин Ташкент, Исанов, Турусбеков, Үмөталиев көчөлөрүндө, Манас кең көчөсүндө №27-трансформатору оңдолот. Буга байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

28-декабрда саат 09:00дөн 17:00гө чейинки аралыкта Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылында кыска мөөнөткө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Саат 09:00дөн 17:00гө чейин Арал, Ыраакы Арал айылдарында, Аламүдүн районуна караштуу Виноградное, Полевое, Привольное айылдарында жарык өчөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aika96
2015-12-26 10:48:42
Дайыма эле узгултуко учуратып, очуруп жатасынарго.7-8 саат кээ бирде 1 кун кечке очуруп коюп жатпсынар, тем более кыш мезгили, жай болсода бир Жон эле.
0
aku
2015-12-26 10:49:40
Алтын ордодо кундо эле свет очуп атат,тажатышты ушундай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан