Кулатуу спортунун негиздөөчүсү Темир Турусбеков 23-декабрда жарык дүйнө менен коштошту. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты. Маалыматка ылайык, анын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон.
Чыгаан спорт ишмери 1952-жылы 9-февралда туулган. Ал 1984-жылы гумандуулукка үндөгөн, атаандашын орой түрдө эмес, түртүп кулатууга багытталган кулатуу спортун негиздеген. 90-жылдардын башында ал аталган спорт түрү боюнча эл аралык федерацияны негиздеген. Кулатуу спорту боюнча көп жылдардан бери Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында сабактар берилип келет.