Бишкектеги Спорт Ордосунда 23-27-декабрь күндөрү Жаңы жылга карата көргөзмө өттү. Анда борбор калаадагы 70тен ашуун дүкөндөр товарларын базардагы баадан салыштырмалуу арзан баада сатыкка чыгарышты. Азык-түлүк продукциялары, тиричилик техникасы, кийим-кече, аксессуарлар, косметикалар жарманкеге коюлду. Мындан сырткары жаңы жылдык белектер, сувенирлер сатылды.