Караколдо зомбулуктан каза болгон 10 жашар кыздын жаракат алган иниси Бишкекке которулган, анын абалы оор деп бааланууда

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында зомбулуктан улам көз жумган 10 жашар кыздын жарадар болгон иниси Бишкектеги ооруканага которулган, анын абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 7 жашар бала Каракол шаарынан борбордук ооруканалардын бирине 25-декабрда саат 16:00дө которулган. “Жаш бала Караколдон эсине келген. Ал башынан жаракат алган. Учурда бала бардык анализдерди тапшырып, ага "баш сөөктүн ички жабык жаракаты" деген диагноз коюлган, ал гематома алышы мүмкүн деп божомолдонууда. Жакындарынын суранычы менен биз 7 жашар баланын кайсы ооруканага жаткырылганын айта албайбыз”,- дешти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 24-декабрда Каракол шаарында 10 жаштагы кызды өлтүрүүгө жана инисин жарадар кылууга шектелип жездеси камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mr.sher
2015-12-28 11:17:57
ХХХ ХХХ ХХХ... жездесин. Балага шыпаа берсин Аллахым
0
admin_portal
2015-12-28 12:18:40
mr.sher - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-1
elgiz0890
2015-12-28 12:31:57
Бизде законго ишенип болбойт биз элдер озубуз ушуга окшогон зоокурлорду кармап ташбаран кылыш керек
+6
BekAmir
2015-12-29 18:59:49
Ушундайларга олум жазасын киргизиш керек. Байкуш наристелерге кыйын болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан