Футболчу Мирлан Мурзаев түркиялык клубда кезектеги голун киргизди, клуб жарым сезондо 1-орунду ээледи

Футбол боюнча улуттук курама команданын чабуулчусу Мирлан Мурзаев түркиялык "Афжет Афйонспор" клубунун курамында Түркиянын 4-Лигасында кезектеги голун киргизди. Команда жарым сезондо мелдеш жадыбалында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аталган клуб 27-декабрда мелдештеги 13-тур оюндарынын алкагында "Серик Беледиерспор" клубу менен беттешти. Оюн 3:1 эсебинде "Афжет Афйонспор" клубунун жеңиши менен аяктады. Анда команда лидерлеринин бири Мирлан Мурзаев натыйжалуу пас берип, ага катар 1 гол киргизди.

Бул М.Мурзаевдин сезондогу 6-голу. Оюндун жыйынтыгында клуб атаандашын 5 упайга артка калтырып, жарым сезонду лидерлик сапта жыйынтыктады. Кезектеги беттештер 24-январда орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aduk_aksuu
2015-12-28 11:41:49
баракелде Мирлан
0
asad345
2015-12-28 13:45:10
4-лигада дейби, 3-2-1-лигасна качан чыгат анда
0
mamashov-emil
2015-12-28 20:47:14
4 ligada jurot chynynda hotyaby 2 ligada oinoi turgan mirlan ananda tursiya uefada johorku sapta turat anton serbiyada vyshiy ligada azamat bahreinde liuks maier alarda germaniada 4 ligada oinoit
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан